Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
20 февраль

Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

2026-жылдын 22-февралында саат 18:00дөн 23-февраль саат 06:00гө чейин Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Мэриядан кабарлашкандай, бул убакыт аралыгында жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу 8 автобусттук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Алар: №71, №21, №2, №36, №40, №48, №48, №118, №254 каттамдар.

Мэрия шаар тургундары жана борбор калаанын конокторунан белгиленген убакытта альтернативдүү багыттарды пайдаланууну суранат.

Кыймыл чиймеси