Раззаковго учкан Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы Бишкекке кайтып келди
Asman Airlines авиакомпаниясынын Бишкек – Раззаков каттамын аткарып жаткан учагы 9-июлда учуп чыккандан кийин кайрадан «Манас» эл аралык аэропортуна кайтып келди. Маалыматты «Кыргызстандын аэропорттору» ААК тастыктады.
Компаниянын маалыматына ылайык, аба кемеси ийгиликтүү конгон. Конгондон кийин учак рулеждик тилкеде атайын сүйрөгүч менен жылдырылган.
«Учак ийгиликтүү конду. Техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу андан ары учакты сүйрөгүч сүйрөп, токтотмо жайга жеткирген. Бизге берилген маалымат боюнча, кайтып келүүгө техникалык себептер негиз болгон», – деп билдиришти «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтан.
Техникалык адистер учакты алгачкы кароодон өткөрүштү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аба кемесинде эч кандай мүчүлүштүк аныкталган эмес.
Учурда учакка кеңири техникалык текшерүү жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы тууралуу адистер кийинчерээк маалымат беришет.
ЖМКлардын маалыматына ылайык, Раззаковго багыт алган MN61 каттамын De Havilland Canada DHC-8 үлгүсүндөгү учак аткарган.
Asman Airlines авиакомпаниясы азырынча бул окуя боюнча расмий комментарий бере элек.
Эске салсак, 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош каттамын аткарууга даярданып жаткан учагы менен авиациялык окуя катталган. Учуу үчүн ылдамдык алган учурда учактын шассисинин тирөөчү сынып, натыйжада аба кемеси учуу-конуу тилкесинде токтотулган.
Белгилей кетсек, жакында эле Кыргызстан Европа Биримдигине учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын «кара тизмесинен» чыгарылган. Өлкө бул тизмеде 2006-жылдан бери болуп келген.
