Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда жаңы транпспорттук көзөмөл пункту ачылат
20 февраль

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда жаңы транпспорттук көзөмөл пункту ачылат

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда жаңы транпспорттук көзөмөл пункту ачылат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин 19-февралдагы аппараттык жыйында берген тапшырмаларынын негизинде «Арал» транспорттук көзөмөл пунктунун (Жумгал району Арал айылы) түндүк тарабында жаңы транспорттук көзөмөл пунктун куруу чечими кабыл алынды.

Жаңы транспорттук көзөмөл пунктунун ачылышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмактык жана габариттик ченемдерди сактоосун көзөмөлдөөгө, ошондой эле автомобиль жолдорунун эрте бузулушунун алдын алууга багытталган. Мындан тышкары, бул чара мыйзамсыз жана ашыкча жүк ташууларды кыскартууга, жол инфраструктурасын сактоого жана транспорт тармагындагы тартипти чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ошондой эле республика боюнча иштеп жаткан транспорттук көзөмөл пункттарында көп жылдардан бери жүргүзүлбөй келген капиталдык оңдоо иштерин этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган курулуш жана оңдоо иштери КР президентинин «Турукташтыруу» фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланат.