Чүй облусунда 11 жыл мурун болгон адам өлтүрүү фактысы аныкталып, шектүү жаран кармалды
11 сентябрь

Чүй облусунда 11 жыл мурун болгон адам өлтүрүү фактысы аныкталып, шектүү жаран кармалды

2014-жылдын 13-ноябрында Сокулук районунун Нижневосточная айылындагы даректердин биринде А.Б. жана М.А. аттуу жарандардын ортосунда капчык жоголгонуна байланыштуу жаңжал чыгып, А.Б., М.А.ны капчыкты уурдадың деп айыптап, күнөөнү мойнуна алдыруу максатында дене жаракаттарын келтирип, кыйноого алган. Окуянын кесепетинен М.А. алган жаракаттарынан улам ал жерден каза болгон.

Бул окуядан кийин М.А.нын туугандары анын зордук-зомбулук жолу менен өлгөнүн билишип, бирок кылмыш фактысын жашырып укук коргоо органдарына кайрылбастан сөөгүн жерге беришкен. Ошондой эле, М.А.нын өлүм тууралуу «жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги» деп көрсөтүлгөн жасалма күбөлүк жасатышкан.

Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан М.А. аттуу жарандын өлүмү тууралуу күбөлүктү жасалмалоо фактысын иликтөө учурунда анын өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

2025-жылдын 6-августунда М.А.нын сөөгүнө эксгумациялоо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык бул окуя зордук-зомбулук жолу менен болгондугу тастыкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, А.Б. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралган.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгы менен бул кылмышка тиешелүү бардык адамдардын аракетине укуктук баа берилип, мыйзамдуу чечим кабыл алынат.