Министр техпаспорту жок көп кабаттуу үйдө жашагандардын маселеси качан чечилерин түшүндүрдү
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев пайдаланууга берилген, бирок техпаспорту алынбай жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн маселеси кандай чечилерин айтты.
Министр белгилегендей, Кыргызстанда ушундай көйгөйгө кабылган 200 чакты объекти бар болчу. Бирок акыркы жылдары аталган министрлик 190дон ашуун объектини документтештирди.
“Аны кантип жасадык? Ичинде адамдар жашап, бирок тиешелүү документтер алынбай жаткан объектилерге тез арада инженердик изилдөө жүргүзүп, коопсуздукка байланышкан суроолорду жаптык жана тийиштүү документтерди берүү иштерин аткардык. Дагы он чакты объекти калды, айрымдарында юридикалык маселе чыгып жатат, ал чечилгенден кийин калган объектилер боюнча дагы ишти аягына чыгарабыз”, – деди министр.
Белгилей кетсек, министрге Бишкекте Көк-Жар конушундагы “М Строй групп” курулуш компаниясы тарабынан курулуп, 2021-жылы пайдаланууга берилген көп кабаттуу турак жайдын тургундары кайрылган. Алардын айтымында, техпаспорт берилбегендиктен, ушул убакка чейин тургундар коммуналдык тейлөө үчүн төлөмдөрдү коммерциялык негизде төлөп келишет.
