Орунтаев Бишкекке 40 кабаттуу имаратты курууга эмненин негизинде уруксат берилгенин айтты
9 июль

Орунтаев Бишкекке 40 кабаттуу имаратты курууга эмненин негизинде уруксат берилгенин айтты

Бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздугу – жер титирөөгө туруштук берүүсү эски ыкма болгон талкалап көрүү эмес, компьютердик моделдөө аркылуу текшерилет. Бул тууралуу КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Министрдин айтымында, курулуш тармагына кирген ар бир жаңы технологиялык жана материалдар алгач кылдат изилдөөдөн өткөрүлөт.

“Замандан артта калбаганга аракет кылышыбыз керек. Ошондуктан жаңы материалдардан, технлогиядан коркпоого тийишпиз. Алардын баары алгач тыкыр изилдөөдөн өткөрүлөт. Мисалы, металл каркасы келди, ал 2-3 жыл мурда эле жок болчу, а азыр аны менен 2-3 кабаттуу имараттар курулуп жатат. Газоблок дегенди билчү эмеспиз, бышкан кирпичте отурчубуз. Ал бир жаңы материалдарды бизге ылайыктуу болсо гана чет өлкөдөн алып келебиз”, – деди ал.

Министр белгилегендей, ар бир объект курулар алдында тийиштүү экспертизадан өтөт. Тийиштүү департамент компьютердик моделдөө аркылуу тестирлөөдөн өткөрөт. Имаратты талкалап көрүп сыноо – өткөн заманга таандык. Азыр баары компьютер менен. 

Орунтаев Бишкекке 40 кабаттуу объектилерди курууга уруксат берилгенин кошумчалады. Айтымында, Кытайдын конструктивдик сыноосун көрсөтүлүп, мындай бийик имарат коопсуз болоору далилденгенден кийин гана уруксат берилген.