20-февраль – колдоо жана үмүт жөнүндө сүйлөшүү өзгөчө маанилүү болгон күн
20 февраль

20-февраль – колдоо жана үмүт жөнүндө сүйлөшүү өзгөчө маанилүү болгон күн

Жыл сайын 20-февралда дүйнө жүзү Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүн белгилейт – бул дата цифралардын жана программалардын артында ар дайым адам тагдырлары тураарын эске салат. Кыргызстанда бул күн өзгөчө жылуу угулат, анткени акыркы жылдары оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарды колдоо системасы кыйла күчтүү жана адамгерчиликтүү болуп калды.

Мындай өзгөрүүлөрдүн чордонунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана анын командасынын иши турат, алар адамдын коопсуздугу, сый-урматы жана кадыр-баркын калыбына келтирүү башкы орунда болгон мамилени ырааттуу түрдө алдыга жылдырууда.

Адам өмүрүн сактаган колдоо

Бүгүнкү күндө өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктап жапа чеккен аялдар үчүн 17 кризистик борбор иштейт. Алардын арасында Бишкектеги “Аялзат” жана Нарындагы “Асылзат” муниципалдык борборлору бар.

Мында аялдар жана кыздар:

- медициналык жана психологиялык жардам;

- юридикалык кеңеш;

- социалдык коштоо;

- убактылуу коопсуз башпаанек ала алышат.

“Социалдык адилеттүүлүк коргонуу сезиминен башталат. Биздин милдет – ар бир аял ал жалгыз эместигин жана жардам жанында экенин биле тургандай кылуу”, – деп билдирет эгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева.

Кризистик борборлорду колдоо мамлекеттик социалдык тапшырык аркылуу ишке ашырылат. Бул механизмдин шарапаты менен каржылоо эки эседен көп өстү – 2022-жылы 12 миллион сом болсо,  2025-жылы 28,6 миллион сомго жетти. Бул жөн гана бюджеттин өсүшү эмес – бул жардамдын мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши, адистердин жана жакшы аяктаган окуялардын көбөйүшү.

Жардамдын жаңы деңгээли: “бирдиктүү терезе” принциби

2025-жылы Бишкекте Сексуалдык зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандарды колдоо борбору ачылып, ага бардык кызматтар чогултулган.

Бул жерден коопсуз жана жашыруун жагдайда комплекстүү колдоо – медициналык жардамдан юридикалык жардамга чейин алууга болот.

“Кызмат гана көрсөтпөстөн, адам сый-урмат жана камкордукту сезген ишеним аянтчасын түзүү маанилүү”, - деп белгилейт Айнура Орозбаева.

Борбордун ачылышы Кыргызстандын аялдардын жана балдардын укугун коргоо боюнча улуттук жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруудагы маанилүү кадамы болуп калды.

Жардам бардык убакта жеткиликтүү

Дагы бир маанилүү кадам күнү-түнү иштеген 5200 ишеним телефонунун ишке кириши болду. Бул номерге чалуу менен ар бир адам кесипкөй психологдордон жана консультанттардан акысыз жана жашыруун жардам ала алышат. Линия өлкө боюнча дем алуусуз жана бардык уюлдук операторлор аркылуу иштейт.

“Кээде бир сүйлөшүү жаңы жашоого ташталган алгачкы кадам болуп берет. Ошондуктан биз жардамды болушунча жеткиликтүү кылдык – ал 24 саат бою иштейт”, – деди министрдин орун басары.

Социалдык адилеттүүлүк – бул адамдар жөнүндө

Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнү – бул жөн гана символикалык дата эмес. Бул күчтүү мамлекет бир гана экономикасы менен эмес, аялуу катмарды канчалык колдоого алаарына жараша да аныктала турганын эскертүү. 

Бүгүн Кыргызстанда жардам жакын, тез жана адамгерчиликтүү болгон система калыптанып жатат. Ар бир демилгенин артында адилеттүүлүк камкордуктан башталаарына чын жүрөгүнөн ишенген адистер, социалдык кызматкерлер жана жетекчилер турат.