Сүлүктү шаарында көмүр алып берем деген шылтоо менен жасалган алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды
2026-жылдын март айында Сүлүктү ШИИБине Сүлүктү шаарынын үч тургуну жана Кадамжай району аймагынан бир жаран арыз менен кайрылышкан.
Арыздарда Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Г.А. жарандардын ишенимине кирип, Сүлүктү шаарында көмүр алып берем деген убада менен алардан жалпы суммасы 5 700 000 сом акча каражатын алып, бирок убадасын аткарбастан из жашырып кеткендиги көрсөтүлгөн.
Жогорудагы факты боюнча 2026-жылдын март айында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Г.А. Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.
