Курган имаратыңызды кандай учурда эксплуатацияга берүүдөн баш тартылышы мүмкүн? Министр түшүндүрдү
Коммерциялык объект курууга уруксат алып, бирок курулуш бүткөндөн кийин ар кандай көйгөйгө – мисалы, эксплутацияга берүүгө тыюу салуу же сүрдүрүп салууга туш келген жарандар көбүнчө долбоорду так аткарбай коюшат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен болгон түз эфиринде белгилүү болду.
Анда айтылгандай, айрым учурда жарандар коммерциялык багыттагы имарат куруу үчүн долбоорун документтештирип жатканда, бир кабат же эки кабат көрсөтүшөт. Бирок жыйынтыгында, бир кабаттын ордуна эки кабат, а эки кабаттын ордуна мансард кошуп салышат. А бул мыйзам бузуу болуп саналат.
“Ар бир объектте документте көрсөтүлгөн нормадан чыкпай, курулуш талаптарын сакталышы керек. Билбестиктен куруп алгандар болот. Бирок мыйзамды билбестик, жоопкерчиликтен куткарбайт деп коет. Ошол эле учурда ар бир жаранга колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылууга туура келет. Мыйзамдан аттап өтө албайбыз, бирок ушундай абалга туш келген жарандарга да кайдыгер кароого болбойт”, – деди министр.
