
Жалал-Абад облусу БУУӨП менен кызматташууну улантат
Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Раимжанов Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын (БУУӨП) Кыргызсандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси БУУнун эл аралык мамилелер тутумундагы жалпы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы, социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдөгү негизги ролун жогору бааларын белгиледи. Ага катар уюмдун колдоосу менен облус аймагында аткарылган долбоорлорго токтолду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусу үчүн туруктуу өнүктүрүү максаттары, жакырчылыкты кыскартуу, азык-түлүк коопсуздугу, сапаттуу билим берүү жана саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, жашыл экономика, экология, жаштар саясатын өнүктүрүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.