Министрлер кабинети
4 июнь
Беларусь Республикасынын премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келди
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинен билдиришти.
«Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат, бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары, бир катар ишканаларга баруу жана кыргыз-белорус бизнес-форумунун ачылышына катышуу пландалууда.
