Жогорку Кеңештин комитети Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат укту
16 сентябрь

Жогорку Кеңештин комитети Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат укту

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Жогорку Кеңешинин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезексиз жыйыны өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Жыйында баяндама жасаган транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана транспорт жана коммуникациялар тармагындагы негизги багыттар тууралуу маалымат берди.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү министрге жана министрликке караштуу түзүмдөрдүн жетекчилерине транспорттук инфраструктуранын абалы жана аны өнүктүрүү, автомобиль жолдорун куруу жана оңдоп-түзөө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана тармактагы башка актуалдуу маселелер боюнча суроолорун узатышты.

Алсак, депутат Бекмурза Эргешов Ош-Эркештам автожолунда тыгындар жаралып жатканын белгилеп, бул көйгөйдү чечүү боюнча пландалып жаткан чараларга кызыкты.

Ал эми эл өкүлү Бактыбек Чойбеков Кара-Балта-Чалдовар жана Арал-Суусамыр автожолдорун реконструкциялоо керектигин айтты. Өз кезегинде депутат Азизбек Абдуллаев Араван-Ноокат автожолунун 54-чакырымындагы тилкеде жүргүзүлүп жаткан иштерге кызыгып, ошону менен бирге Араван-Мангыт жолунун 6 чакырымдык тилкесин асфальттоого каражат бөлүп берүүнү өтүндү.

Депутат Эдита Тайгараева жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл буруп, анын ичинен Бишкек-Күнтуу автожолунун айрым тилкелеринде жол инфраструктурасын жакшыртуу, жол чырактарын жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү орнотуу, ошондой эле тиешелүү жол белгилерин жана жол чийиндерин түшүрүү боюнча чараларды көрүүнү сунуштады.

Муну менен катар депутат Адилет Белеков Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушун тездетүү маселеси тууралуу соз кылса, эл өкүлү Талайбек Масабиров жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Базар-Коргон районунун Таш-Булак айылынын тушундагы Бишкек-Ош-Манас автожолунун тилкесине жол чырагын орнотууну табыштады.

Депутат Бахридин Шабазов Төмөнкү Нооруз айылындагы автожолдун абалына токтолуп, жолдун бузулушуна оор жүк ташуучу унаалардын тынымсыз катташы себеп болуп жатканын жүйө келтирди.

Андан тышкары, депутат Уланбек Жаанбаев автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди белгилөө менен бирге, айрым жаңы курулган жолдордун кайрадан талапка жооп бербеген абалга келип жатканын айтты. Ага ылайык, эл өкүлү аткарылып жаткан иштердин сапатына, ошондой эле насыялык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Депутат Болотбек Борбиев 2027-жылга карата капиталдык салымдардын титулдук тизмесине Торкент-Толук-Сары-Камыш автожолун, Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн ички жолдорун, Үч-Терек айыл аймагынын жолдорун жана башка социалдык маанидеги жол объектилерин асфальттоо иштерин киргизүүнү сунуштады.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусундагы узундугу болжол менен 90 чакырымды түзгөн Баетов-Кош-Дөбө автожолунун курулушунун мөөнөттөрүнө кызыкса, эл өкүлү Кубанычбек Самаков Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн тилкесинде курулуш иштери 2023-жылы башталганын, бирок бүгүнкү күнгө чейин аягына чыга электигин билдирди.

Муну менен катар депутат Исманали Жороев Лейлек жана Баткен райондорунда, ошондой эле Сүлүктү шаарында автомобиль жолдорун мындан ары өнүктүрүү жана алардын абалын жакшыртуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Депутат Бакыт Чомоев Сокулук районундагы №2 мектептин жанында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесин көтөрсө, эл өкүлү Бактыяр Калпаев Баткен районунун Сай айылына 5 чакырым жол куруу маселесин карап чыгууга чакырып, аталган айылдын стратегиялык маанисин баса белгиледи. Мындан тышкары, депутат Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндөгү автомобиль жолунун курулушуна басым жасады.

Жыйынтыгында депутаттар бир катар көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталган сунуштарын билдиришти.