Эмгек министрлиги: Бишкекте зордукталган 9 жаштагы кыз медициналык кароодон өтүп жатат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуя министрдин көзөмөлүндө.
Ведомствонун маалыматы боюнча, аймактык башкармалыктын кызматкерлери баланы жана үй-бүлөнү экспертизадан жана тергөөнүн башка этаптарынан өтүүдө коштоп жүрүшөт.
Балага жана үй-бүлөгө психологиялык, медициналык, юридикалык жардам көрсөтүлдү.
Учурда Бишкекте зомбулукка кабылган кыз медициналык кароодон өтүп жатат.
Башкармалык ошондой эле Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна жашы жете электер менен иштөөнүн жеке планын (ИПЗР) иштеп чыгып, кароого киргизди, ал жардамдын бардык түрлөрүн камтыйт.