
Эркин Чечейбаев: Тамекиге болгон акциздик салыктын көбөйүшү өлкөнүн өсүп келе жаткан муунун тамеки тартуудан сактайт
2025-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында «Тамеки жана никотинди керектөөнү кыскартуунун эффективдүү жолдору – Кыргыз Республикасы үчүн тамеки заттарына акциз салыгынын симуляциялык модели» секторлор аралык кеңешме болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлсүнкан Жунушалиева жана Медер Алиев, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско, эксперттер, негизги министрликтердин жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимий борборлордун жана институттардын жетекчилери катышты. Иш-чаранын демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору, ДССУнун өлкөлүк кеңсеси жана ДССУнун ТКАК Катчылыгынын Билим борбору. Жолугушуунун максаты - натыйжалуу салык салуу аркылуу тамеки заттарынын жеткиликтүүлүгүн азайтуу стратегиясын талкуулоо.
Министр Эркин Чечейбаев өз сөзүндө өлкөдөгү калктын, өзгөчө өсүп келе жаткан муундун саламаттыгын чыңдоо кызыкчылыгында тамекиге акциздик салыкты жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Учурда Кыргызстанда тамеки чегүү өлүмдүн жана майыптуулуктун негизги себеби болуп саналат.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында жыл сайын 30 жана андан улуу жаштагы 6 миңден ашык адам (5 миңге жакын эркек жана миңдей аял) тамеки чегүүдөн улам пайда болгон оорулардан каза болот. Өлгөндөрдүн жарымынан көбүн жүрөк-кан тамыр оорулары түзөт. Өкмөттүн тамекиге каршы саясатына карабастан, тамеки чегүүдөн улам келип чыккан жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу экономикалык чыгым 17 миллиардан ашык сомду түзөт.
Кыргызстанда 35 жаштан 69 жашка чейинки курактагы эркектердин 30%га чейини темеки тартуунун айынан каза болушат (аялдардын арасында бул көрсөткүч 5% чейин жетет). Бул курактагы калк үчүн күтүлгөн өмүр узактыгынын жоготуусу орто эсеп менен 21 жылды түзөт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, баа жана салык чаралары тамеки менен никотинди керектөөнү азайтуунун эң эффективдүү чаралары болуп саналат, анткени алар мындай азыктардын баасын балдар, өспүрүмдөр жана жаштар үчүн жеткиликтүү эмес кылып коюшат. Көптөгөн экономикалык изилдөөлөр салыктын жогорулашы тамеки буюмдарынын баасын жогорулатып, чоңдор менен жаштар арасында тамеки керектөөнү азайтарын тастыктайт. Тамеки тартууга келсек, чылымдын реалдуу баасынын ар бир 10%га жогорулашы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө тамеки чеккен балдардын жана өспүрүмдөрдүн санын 8%га азайтат.
2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) экономикалык жүгү Кыргызстан үчүн жылына 17,1 млрд сомду түзгөн, бул өлкөнүн жылдык ички дүң продукциясынын (ИДП) 3,9%ине барабар.
Бул жоготуулардын басымдуу бөлүгү – түз эмес чыгымдар, алардын ичинен 61% – мезгилсиз (эрте) өлүмдүн кесепетинен келип чыккан. Мезгилсиз өлүмдөн улам экономиканын тарткан чыгымы 10,4 млрд сомду түзөт.
Төрт негизги ЖЭОну) дарылоого кеткен түз саламаттык сактоо чыгымдары бул сумманын бештен бир бөлүгүн гана түзөт.
Тамекини керектөөнү кыскартууга багытталган саясаттык чаралардын пакетинин баасы 0,14 млрд сом деп бааланган. Ал эми жүрөк-кан тамыр оорулары менен кант диабетин азайтууга багытталган кийлигишүүлөрдүн баасы 175 млрд сомду түзгөн.
Ошентип, тамеки тартууга каршы күрөш мамлекетке 10,4 млрд сомду гана эмес, жүрөк-кан тамыр ооруларынан келип чыккан жоготууларды эске алганда, 175 млрд сомго чейин үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Эркин Чечейбаев тамекиге жеткиликтүүлүктү чектөөдөн коркпой, акциздик салыктарды жогорулатуу аркылуу бул жаатта чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. Министр Кыргызстан бул багытта КМШ мейкиндигинде лидер болуп чыгаарына ишенимин билдирип, бул келечек муунду коргоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
«Тамекини көптөн бери тартып жүргөн адамдар баасы канча болбосун, тартууну улантышат. Бирок жогорку баалар балдарды жана өспүрүмдөрдү ойлонууга мажбур кылат», – деди Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы.
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун алдын алуу жана тамеки чегүүнү таштоо бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова Кыргызстандагы тамекиге салына турган салык боюнча абал, мыйзамдагы мүчүлүштүктөр жана акциздик салыкты реформалоо боюнча сунуштар тууралуу изилдөөнү сунуштады.
Кеңешменин катышуучулары белгилешкендей, тамекиге болгон акциздерди жогорулатуу — бул мамлекет үчүн миллиарддаган сомду үнөмдөө гана эмес, элдин ден соолугуна жана келечегине багытталган инвестиция болуп саналат.
Салык саясатын реформалоо – бул тамеки көз карандылыгынан эркин коомду түзүүгө багытталган маанилүү кадам. Мындай коомдо өспүрүмдөр дени сак жана активдүү болуп өсө алышат. Кыргызстан бул багытта чечкиндүү кадамдары менен регионго үлгү боло ала турган мүмкүнчүлүккө ээ.