Россияда мигранттардын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү аяктады
11 сентябрь

Россияда мигранттардын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү аяктады

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 10-сентябрында Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү аяктаганын маалымдайт.

Ошол эле учурда, министрлик КРдин Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салууга көмөктөшүүгө багытталган бардык жеткиликтүү расмий каналдарды жана интернет-ресурстарды колдонуу менен кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул иштин алкагында Министрликтин жана КР тиешелүү мекемелеринин жетекчилигинин Россия Федерациясында расмий жолугушуулары жана иш сапарлары уюштурулуп, КРдин чет өлкөдөгү мекемелеринин жетекчилеринин РФтин компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз байланыштары камсыздалды, ошондой эле консулдук кызматкерлердин КР жарандары массалык жашаган аймактарга жана РФ ИИМ бөлүмдөрүнө чыгуу аркылуу консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана консультация берүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, КРдин Россиядагы өкүлчүлүктөрүнүн ишин күчөтүү үчүн министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери жөнөтүлдү.

Россия тараптын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында көзөмөлдөгү адамдардын реестрине 85 962 Кыргыз Республикасынын жараны киргизилген, ал эми эң жогорку көрсөткүч 2025-жылдын июнь айында болгон, анда болжол менен 113 миң киши аталган тизмеде болгон.

Жалпысынан 2025-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде реестрден 98 670 Кыргыз Республикасынын жараны чыгарылган. Анын ичинен: 14 584 КР жараны өз макамын Россиядан чыкпай жөнгө салуу үчүн компетенттүү органдарга кайрылуу жолу менен, ал эми 84 086 жаран РФ аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу Реестрден чыгарылган.

2025-жылдын 11-сентябрынан тартып өзүнүн статусун жөнгө салбаган жана Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар мажбурлап чыгарууга жана андан ары өлкөгө кирүүгө тыюу салууга дуушар болот.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мындан ары да Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында россиялык тарап менен өз ара кызматташтыкты улантат.