Таласта жасаган операциясы үчүн сый акы алууга шектелип дарыгер кармалды
Таласта жасаган операциясы үчүн сый акы алууга шектелип дарыгер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас районунун Чат-Базар айылындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун бөлүм башчысы, 1967-ж.т. Б.Т. Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана ИИМдин АБПнын Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Б.Т. өзүнө жана кесиптештерине мыйзамсыз сый акы алуу максатында, 25 жаштагы жарандан, анын апасынын өтүнөн операция кылгандыгы үчүн 3000 сом алып, дагы 15000 сом акча талап кылгандыгы аныкталган. Арыз ээси дарыгерге кийин 11 миң сом берген.
Б.Т. кылмыш ишине шектүү катары кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.
