Жалал-Абад облусунда алты ай ичинде жол кырсыктары 11,1 пайызга азайды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаевдин катышуусунда Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында облус аймагындагы жол-транспорт кырсыктарынын абалы, алардын алдын алуу, жол тыгындарын азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча аткарылган иштер талкууланды.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери облус аймагында 248 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1 пайызга азайган. Натыйжада каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны да төмөндөгөн.
Исламбек Увайдиллаев жол кырсыктарын алдын алуу бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин биргелешкен милдети экенин белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле комиссиянын чечимдеринин аткарылышы квартал сайын каралып, жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунушталарын билдирди.
Жыйында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, мыйзам талаптарын калкка кеңири түшүндүрүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу, мыйзамсыз унаа токтотууларды жоюу, оор жүк ташуучу унааларга көзөмөлдү күчөтүү жана жаңы окуу жылынын алдында окуучуларга түшүндүрүү иштерин уюштуруу тапшырмалары берилди.
