Индиядагы өрт. Каза болгон кыргызстандыктар боор алмаштыруу үчүн барышкан
www
4 июнь

Индиядагы өрт. Каза болгон кыргызстандыктар боор алмаштыруу үчүн барышкан

Нью-Делидеги мейманканада чыккан өрттөн каза болгон үч кыргызстандык боор алмаштыруу операциясы үчүн Индияга барышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов билдирди.

Анын айтымында, каза болгондор - 50 жаштагы аял, ага боорун берген 23 жаштагы уулу жана аларды караганы барган 76 жаштагы апасы болгон. Алар Индияда эки айдан бери дарыланып жатышкан.

“Операция жасалган. Дарыланып бүтүп, бир жуманын ичинде мекенине кайтып келмек. Учурда окуянын себептерин полиция иликтеп жатат. Тиешелүү органдардын уруксаты алынгандан кийин сөөгүн мекенге жеткирүү иштери жүргүзүлөт. Туугандары менен байланыштабыз”, - деди Бешимов.

Эске салсак, 3-июнда Индиянын Нью-Дели шаарындагы мейманканалардын биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 21 адам каза болгон. Алардын арасында үч кыргызстандык жаран да бар.