Бишкекте CAREC 2026 технологиялык форуму өтүп жатат
Бишкекте CAREC 2026 технологиялык форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов катышууда.
Форум климаттык жактан туруктуу санариптик чечимдерди киргизүүнү талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрүн бириктирет. Көңүл чордонунда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалымат алмашуу, энергетика, суу ресурстары жана айыл чарбасындагы инновациялар, ошондой эле аймактык кызматташтыкты чыңдоо маселелери турат.
Кыргыз Республикасынын мындай аянтчаларга катышуусу өлкөнүн жана аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик трансформацияны илгерилетүүгө, өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана алдыңкы технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Форум 7-8-апрель күндөрү өтөт.
