Сак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт
17 сентябрь

Сак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саатта жана күндүз катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. 

Буга байланыштуу министрлик жарандарды этият болууга чакырды.

Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз  токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.