
Ала-Бука районундагы айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдарына 10 кылмыш иши козголду
Ала-Бука районундагы айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдарына 10 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Көк-Таш жана Ала-Бука айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иштери козголду.
Тактап айтканда, жогоруда аталган айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл аймактарындагы парктын, социалдык объектилердин, тактап айтканда бала бакчанын, оорукананын, мусор полигонунун жана жолдордун курулушу аяктаганга чейин эле подрядчылардын эсебине акча которуп жиберишкен.
Натыйжада, жогоруда аталган жооптуу адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпысынан 56 млн 107 миң 652 сом материалдык зыян келтирилгендиги такталган. Анын ичинен 11 млн 24 миң 973 сом прокурордук текшерүү учурунда мамлекетке кайтарылган.
Жогорудагы фактылар боюнча Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен 10 кылмыш иши козголуп, алардын тергөөсү Ала-Бука райондук ИИБнө тапшырылды.