Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттын 50 дозасы менен «жашыруун койгондор» кармалды
Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматына Биринчи Май районунун аймагында белгисиз адамдар синтетикалык баңгизаттарды «жашыруун коюуу» ыкмасы аркылуу таратып жатышканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
«Притон» аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын жана ыкчам-издөө иш-аракеттеринин алкагында борбор калаанын Биринчи Май районунун аймагында кызматкерлер тарабынан «жашыруун коюу» жайгаштыруу фактысы аныкталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган А.Б. жана 2007-жылы туулган А.Т. аттуу жарандар кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын жанынан мындан ары таратуу үчүн даярдалган синтетикалык баңгизаттын 50 даана орому табылып, алынган. Тыюу салынган заттарды алар Telegram-каналдардын бири аркылуу алып, андан соң бөлүп-таңгактап, шаардын аймагындагы жашыруун жайларга калтырып турушканы аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында кызматтык-издөөчү иттин катышуусунда кармалгандардын биринин жашаган жери тинтүүгө алынып, анын жүрүшүндө электрондук тараза, таңгактоочу материалдар, скотч, термоусадка түтүкчөлөрү, кол каптар, беткаптар жана баңгизаттарды бөлүп-таңгактоодо колдонулган башка буюмдар табылып, алынган.
Кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.
