Мавлянва Юстиция министрлигинин мыйзам долбоору тууралуу: Элдин укугун коргоого эмес, адвокаттардын кирешесин көбөйтүүгө арналган
Жогорку Кеңеште “Юридикалык өкүлчүлүктөр маселеси жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан учурда, депутат Махабат Мавлянова элдин укугуна эмес, адвокаттардын кирешесин көбөйтүүгө басым жасалып жатканын билдирди.
Айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, юридикалык өкүлчүлүктөр КР Адвокатурасынын реестрине катталышы керек. Андан соң 72 академиялык саат окуудан өтүшөт дагы, жарандарды соттук процесстерде коргоо укугун алышат.
“Бул туура эмес мыйзам долбоор, бул КР Адвокатурасынын лоббиси. Жарандык жана башка процесстерге адамдар өздөрү деле катыша алышат да. Силер сунуштаган бааны эл көтөрө албайт, силер Испания, Италиянын үлгүсүн алып жатасыңар. Бирок ал жактыгыдай маяна бизде жок”, - деди депутат.
Ошондой эле Мавлянова эгерде адвокат болом деген жаран Адвокатуранын 72 академиялык сааттагы окуусунан өтө турган болсо, эмнеге 5 жыл окуп, диплом алышы керек деген суроону узатты.
“Андай экен университтерди жоюп салып эле, Адвокатуранын академиялык сааттарын калтыралы”, - деди ал.
Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров алыскы аймактарга жана айрым жарандар категориясына, мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга талаптар жеңилдетилерин, баа арзаныраак болоорун билдирди.
“Кирешеси аз жөнөкөй жарандар көп. Алардын юрист туугандары болушу мүмкүн, бирок мыйзам долбоору боюнча туугандык мамиле менен сотто жактоочу болуп берем деген адам реестрге турушу керек болуп калат. Деги эле адвокаттардын акысы кымбаттайт – эң болбоду дегенде миң долларга чыгат. Жөнөкөй адамдар сотко кайрыла албай калышат. Бул карапайым элдин укугун чектөө. Мисалы, бүгүнкү күндө да бизге “сотко кайрылайын дедим эле, адвокатка акча төлөөгө жардам бериңизчи” деп кайрылгандар болот. Мыйзам долбоору кабыл алынса, мындай кайрылуу көбөйөт. Азыр элдин укугун коргоого эмес, адвокаттардын кирешесин көбөйтүүгө басым жасалып жатат”, - деди депутат.
Айбек Айдаровдун айтымында, мыйзам долбоорунун 29-беренесинде тараптардын өкүлдөрү кимдер болушу мүмкүндүгү көрсөтүлгөн, алар: юридикалык өкүлчүлүктөр, мыйзамдуу өкүлдөр, кызмат орду боюнча өкүлдөр болот. Ал эми мыйзамдуу өкүл деген – бул ата-эне, туугандар. Ал эми тааныштар мыйзамдуу өкүлгө кирбейт. Алардан реестрге кирүү талап кылынбайт. Башкача айтканда, кайсы бир жаран соттук процессине жактоочу катары мыйзамдуу өкүлүн: ата-энесин же тууганын жалдаса (алардын юрнидикалык билими болсо), анда реестрсиз эле ишти алып баруу мүмкүн.
