Ош мэриясы
7 апрель
Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда
Ош шаарындагы Т. Атабаев көчөсүн кеңейтүү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жол жээгине мыйзамсыз курулган объекттер тиешелүү кызматтар тарабынан бузулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, буга чейин Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаарды кыдыруу учурунда аталган көчөнү оңдоп-түзөө иштерине тоскоолдук жараткан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.
Учурда берилген тапшырманын негизинде шаардагы жолду кеңейтүү иштерине тоскоолдук жараткан объекттерди демонтаждоо иштери жүргүзүлүп, көчөнүн инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы иштер улантылууда.
