Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери Нарын шаарындагы балдардын ден соолугуна баа берүүдө
17 сентябрь

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери Нарын шаарындагы балдардын ден соолугуна баа берүүдө

Алар бир жума бою балдардын физикалык өнүгүүсүнө, астма жана аллергия илдеттеринин белгилерине, өпкөнүн иштешине баа беришет.

Чогултулган материалдар дарылоо, диагностикалык жана профилактикалык иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн негиз болот. Оорунун ачык-айкын клиникалык белгилери бар балдар андан аркы текшерүүдөн өтөт же ооруканага жаткырылат.