Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда таштанды урналары орнотулууда
WWW
20 июль

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда таштанды урналары орнотулууда

Республикалык маанидеги Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 137-чакырымында жана Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 28-чакырымында таштанды салуучу урналар орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Аталган иштер жол боюндагы санитардык тазалыкты камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жол жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

Министрлик жол жүргүнчүлөрдөн таштандыларды атайын орнотулган урналарга таштап, тазалыкты сактоого чакырат.