WWW
20 июль
Бишкекте мыйзамсыз орнотулган 36 жарнамалык конструкция алынды
Бишкектин Свердлов районунда мыйзамсыз орнотулган 36 жарнамалык объект демонтаждалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Рейд 2026-жылдын 13–14-июль күндөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.
Иш-чаралар Чүй проспекти Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө жарнамалык баннерлер, көлөмдүү тамгалар, соода объектилеринин аталыштары жазылган көрнөк-жарнактар алынган.
Мэрия соода объектилеринин ээлерин жана ишкерлерди көрнөк-жарнактарын жана жарнамалык конструкцияларын белгиленген талаптарга өз убагында ылайык келтирүүгө, мыйзам талаптарын бузбоого чакырат.
