Ошто "Мектеп рекети" ыкчам алдын алуу иш-чарасы өтүүдө
10 октябрь

Ошто "Мектеп рекети" ыкчам алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 9-11-октябрь күндөрү Ош облусунун аймагында "Мектеп рэкети" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чарага билим берүү жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.

Анда мектеп окуучуларына ар кандай укук бузуу жана кылмыштуулуктун анын ичинде өзүнөн кичине класстардан опузалап акча талап кылган аракеттердин мыйзам алдындагы жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аны менен катар кызматкерлер тарабынан окуучуларга бош убакты билим алууга жумшоого, келечекке максат коюп, талыкпай аракет жасоого жана адептүү болууга үндөгөн баяндамалар жасалууда.

Ошондой эле, окуучулар тарабынан коомго терс таасирин тийгизген топтор жана алардын башчыларын, түнкүсүн коомдук эс алуучу жайларда, интернет жана түнкү клубдарда өз алдынча жүргөн жашы жете электерди аныктоо боюнча иш алып барылып, аларга карата мыйзамдын талаптарына ылайык чаралар көрүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан жашы жете электер аралашкан жол кырсыктарынын алдын алуу иштери колго алынып, өз алдынча автоунаа башкарууга укугу жок окуучулар автоунаа башкарган учурларды аныктоо боюнча иш алып барылат.