Оштогу Амир-Тимур көчөсүн оңдоп-түзөө иштери башталды
Ош шаарындагы Амир-Тимур (Калинин) көчөсүн толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды.
Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов иштин жүрүшү менен жеринде таанышып, иштерди белгиленген иш мерчеми боюнча жүргүзүүнү, мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Жумуштардын алкагында тротуарларды, аялдамаларды куруу, ирригациялык, коммуналдык тармактарды орнотуу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, аталган жолду Кытай Эл Республикасынын "Чайна Роад" ишканасы оңдоп, түзөйт.