Талас облусунда 738 миң сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү
Талас облусунун Айтматов райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор Б.С. боюнча өндүрүп алуучу Н.К. пайдасына жашы жете элек балдарды багуу үчүн кирешесинин ½ бөлүгүнөн алимент өндүрүү иши каралган.
Көрүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 738 171 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз толугу менен өндүрүлүп, Н.К. аттуу алуучуга өткөрүлүп берилди.
