Бишкекте уурулуктардын сериясына шектүү кармалды
2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна Д.К. атту жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.
Ал өз арызында 2026-жылдын 1-март күнү саат болжол менен 18:00 чамасында «Дордой Плаза-2» соода борборунда белгисиз адамдар анын сумкасынан күрөң түстөгү клатчты жашыруун уурдап кетишкенин билдирген. Клатчтын ичинде 17 миң сом өлчөмүндө акча каражаты болгон. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган, мурда ушундай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон С.О. шектүү катары кармалды.
Азыркы учурда анын уурулуктардын бир нече фактысына тиешеси бар экендиги аныкталууда. Тергөө иштери улантылууда.
