Баткенде кудукка түшүп кеткен жаран куткарылды 
КР ӨКМ
7 апрель

Баткенде кудукка түшүп кеткен жаран куткарылды 

Баткенде кудукка түшүп кеткен 65 жаштагы жаран куткарылды. Окуя күн мурун, 6-апрелде болгон. 

ӨКМден кабарлашкандай, окуя болгон жерге министрликтин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылган.

Куткаруучулардын ыкчам аракетинин натыйжасында саат 16:49да аталган жаран кудуктан чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.