Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда баңгизат колдонуп алып унаа башкарган айдоочу аныкталды
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу баңгизат колдонуп алып рулган отургандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.
Текшерүү учурунда аталган унаанын мурдагы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн төлөнбөгөн айып пулдары бар экендиги аныкталды. Андан соң айдоочу медициналык күбөлөндүрүүгө жеткирилип, анын жыйынтыгында айдоочу баңгизаттын таасиринде унаа башкарганы аныкталды.
Айдоочуга карата тиешелүү укуктук материалдар таризделип, автоунаа атайын айып короо жайына киргизилди.
ЖКККББ бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Баңгизаттын же башка мас кылуучу заттардын таасиринде унаа башкаруу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Өлкө аймагында мындай мыйзам бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар мындан ары да күчөтүлгөн тартипте улантылат.
