Талас: Мыйзамсыз курулган газ куюучу станцияга чара көрүлдү
16 июнь

Талас: Мыйзамсыз курулган газ куюучу станцияга чара көрүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш обьектилери үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүүдө.

Текшерүү иштеринин алкагында  Талас району, Ч.Айтматов  көчөсү 388, 392 даректеринде жайгашкан “Сардалбек” жана “Партнер Нефть” май куюучу жайлары жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында “Партнер Нефт” май куюучу жайдын газ куюучу станциясы тиешелүү уруксат кагаздары жок курулуп, мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткандыгы маалым болду. Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат. Ал эми Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте “Сардалбек” май куюучу жайында санитардык ченемдер толук кандуу сакталбаганы аныкталды.

Натыйжада, “Партнер Нефтге” карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 144-беренесинин негизинде 200 000 сом айып салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле “Сардалбек” май куюучу жайына санитардык нормаларды сактоо боюнча эскертүү берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык компанияларды белгиленген курулуш талаптарын так сактоого чакырат.