Такси айдоочулары үчүн лицензияны онлайн алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик системаны ишке киргизди.
Эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды «МБанк», «Элдик» жана «Түндүк» мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн тапшыра алышат.
Лицензия алуу үчүн тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп жана керектүү документтерди жүктөө жетиштүү. Лицензия берилгенден кийин анын маалыматтары мобилдик тиркемеде санариптик форматта жеткиликтүү болот.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 1-июлунан тартып лицензиясы жок жүргүнчү ташыган жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
ЖКККББ бардык жүргүнчү ташуучуларды лицензияларын өз убагында алып, мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
