Тоолуу өрөөндөрдө сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
10 июнь

Тоолуу өрөөндөрдө сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 10-июнь күндүн экинчи жарымында жана 11-июндан 13-июнга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар.

Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.