Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы Франциядагы заманбап медициналык шаарчанын курулуш долбоору менен таанышты
23 май

Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы Франциядагы заманбап медициналык шаарчанын курулуш долбоору менен таанышты

Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин министр Дамир Осмонов жетектеген делегациясы Нант шаарында курулуп жаткан заманбап медициналык шаарчанын долбоору менен таанышты.

Кыргыз тарапка жалпы аянты болжол менен 130 миң чарчы метрди түзгөн, 2400 орундуу күнү-түнү иштей турган стационарды жана 500 орундуу күндүзгү стационарды камтыган көп тармактуу медициналык комплекстин долбоору тааныштырылды.

Долбоорго ылайык, медициналык шаарча заманбап дарылоо корпустарын, диагностикалык борборлорду, операциялык жана реанимациялык блокторду, ошондой эле шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн тик учак конуучу аянтчаны камтыйт. Мындан тышкары, долбоордо ыңгайлуу чөйрө түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган – корпустардын ортосунда жашыл зоналар жана бейтаптар, медицина кызматкерлери гана эмес, жалпы шаар тургундары үчүн да эс алуу жана сейилдөө аймактары каралган.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы заманбап медициналык комплекстерди курууда колдонулган архитектуралык жана инфраструктуралык чечимдер, ошондой эле көп тармактуу жогорку технологиялык медициналык жардамды уюштуруу ыкмалары менен таанышты.

Алынган тажрыйба жана сунушталган чечимдер Бишкек шаарында медициналык шаарча куруу пландарын ишке ашырууда жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын мындан ары модернизациялоодо практикалык кызыгууну жаратат.