Ошто Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды
Ошто Ак-Буура милициясынын жаңы имараты пайдаланууга берилди.
Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, КР ИИМнин орун басары Эркебек Аширходжаев, ОшШИИБ башчысы Дамирбек Исаков, милициянын ардагерлери жана кызматкерлери катышты.
Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, имараттын курулушу 2023-жылдын күзүндө башталып, 1,5 жылдан кийин бүткөрүлдү.
Имарат толук жабдылып, видеокамералар, кеңсе техникалары жана бардык шарттар каралган.
Буга чейин кызматкерлер авариялык абалдагы эски имаратта иштеп келишкен.
