Бишкектин Ленин районунда акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар пайда болот
Бишкектин Ленин районунда акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар пайда болот. Бул тууралуу район акими Тариель Айтиев төрагалык кылган көчмө жыйында белгилүү болду.
Акимчиликтен билдиришкендей, комиссиянын ишине тиешелүү шаардык кызматтардын өкүлдөрү, анын ичинде Бишкекасвальтсервис, Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу боюнча башкы башкармалыгы жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.
Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө адистер аймактардын учурдагы абалын, транспорттук жүктөмдү жана бар болгон инфраструктураны эске алуу менен унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдешти.
Жыйынтыктын негизинде жооптуу кызматтарга Лев Толстой жана Үмөталиев көчөлөрүнүн айрым тилкелеринде акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди. Унаа токтотуунун баасы саатына 25–30 сомду түзөт деп күтүлүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугуна, ошондой эле тургундар менен айдоочулар үчүн ыңгайлуулукка өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.
Акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар төмөнкү тилкелерде уюштурулат:
-
Лев Толстой көчөсү (Асаналиев көчөсүнөн Леваневский көчөсүнө чейин);
-
Үмөталиев көчөсү (Киев көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин).
