КР ТИМ башчысы Швейцариянын элчисин анын дипмиссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 9-июнда Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертэрди анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Тараптар кыргыз-швейцария мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер боюнча федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассистин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырууга, анын ичинде соода, инвестиция жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү армактарындагы кызматташтыкка бурулду. Ушуга байланыштуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйынынын маанилүүлүгү баса белгиленди.
Министр Жээнбек Кулубаев элчи О.Бангертерге эки өлкөнүн ар тараптуу өнөктөштүгүн өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде, элчи О.Бангертер Кыргызстандагы ишмердүүлүгүндө көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн ыраазы экенин айтты.
