Бишкекте сейсмоизоляциялык компоненттер заводунун курулушуна мезгил кутусу салынды
15 июнь

Бишкекте сейсмоизоляциялык компоненттер заводунун курулушуна мезгил кутусу салынды

Бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстанда биринчи жолу курулуп жаткан сейсмоизоляциялык компоненттерди чыгаруучу заводдун курулушуна мезгил кутусун салды.

Иш-чаранын алкагында Курулуш министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын “Нанжинг Дэйд Техноложи Ко” компаниясынын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Министр өз сөзүндө сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Объект Бишкек шаарынын Валиханов көчөсү 2 дарегинде жайгашкан. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 6222 чарчы метрди түзгөн завод курулат. Жаңы өндүрүштүк база институттун учурдагы аймагында жайгашат.

Завод ишке берилгенден кийин имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатууга арналган заманбап сейсмоизоляциялык компоненттерди чыгарат. Бул курулуш тармагына алдыңкы технологияларды киргизүүгө, импортко көз карандылыкты азайтууга жана объекттердин сейсмикалык коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын соңунда министр аталган даректе жайгашкан Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.