Депутат балдар нефрологу Насира Бейшебаеванын окуясынан улам  Кыргызстандагы дарыгерлерди камсыздандырууну сунуштады
16 сентябрь

Депутат балдар нефрологу Насира Бейшебаеванын окуясынан улам  Кыргызстандагы дарыгерлерди камсыздандырууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков медицина тармагында иштеп жаткан кызматкерлердин укуктук маселелерин көтөрдү.

Айтымында, жакында Бишкек шаардык соту тарабынан 3 жылга эркинен ажыратылган балдар нефрологу Насира Бейшебаеванын окуясы медицина чөйрөсүнө оор сокку болду жана дарыгерлерде олуттуу кооптонуу жаратты.

“Насира Бейшебаева өмүрүнүн көп жылдарын кыргыз медицинасына, жаш балдардын бөйрөк патологиясына арнаган, миңдеген балдардын өмүрүнүн сакталышына себепчи болгон. Эгер биз азыр өзүбүздүн күчтүү адистерибизди сактап кала албасак, эртең  эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт, медицина бир топ артка кетиши мүмкүн. Дарыгерлер жоопкерчиликтен качып бейтаптарды бири бирине жөнөтүшү, ал турмак чет мамлекеттерди сунушташы мүмкүн. Бул бейтап үчүн ашыкча чыгым жана убакыттын создугушу”, – деди депутат.

Кубанычбеков эркинен ажыратылган дарыгерге жабырлануучуга карата 2 миллион сом төлөп берүүнү сот милдеттендиргенин эске салды. Ал бул сумма Кыргызстандагы айлык акы шартында өтө чоң экенин белгиледи. Мындан улам депутат медицина кызматкерлерин камсыздандырууну сунуштады. 

“Аны мамлекеттик камсыздандыруу механизми же жеке камсыздандыруу компаниялар аркылуу ишке ашырсак болот. Камсыздандыруу төлөмүнүн белгилүү бир бөлүгүн мамлекет төлөсө, калганын дарыгердин айлык акысынан алына тургандай жолун карап чыгуу керек. Мисалы, 2 миллион сомду чогултууга Кыргызстанда өтө көп убакыт керектелет. Камсыздандырууну киргизсек, ушундай кырдаалдарда дарыгерлерге жеңил болот. Мамлекетке дагы финансы жагынан пайда”, – деди ал.

Ошондой эле депутат өлкөдөгү бардык медицина кызматкерлеринин атынан президент Садыр Жапаровго, ЖК төрагасы Марлен Маматалиевге жана Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге кайрылып, дарыгер Насира Бейшебаеванын ишинде туура чечим кабыл алынуусуна көмөктөшүүнү суранды.