Сак болуңуз! Нөшөрлөп жаан жаап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт
www
30 апрель

Сак болуңуз! Нөшөрлөп жаан жаап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. 

Синоптиктердин маалыматына караганда, ушул жылдын 30-апрелинде күндүн экинчи жарымында жана 1-2-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүрүп, нөшөрлүү жаан жаайт. Буга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.