«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды
Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев.
Бактыяр Калпаев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты тышкы миграция процесстерине катышкан жарандардын укуктарын коргоо аркылуу мамлекеттин миграциялык саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун сапатын жана кайтарым байланышты жакшыртуу үчүн кайрылууларды (каттарды) кароо мөөнөттөрүн оптималдаштыруу болуп саналат.
Алсак, «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкү абзац менен толуктоо сунушталат: «Башка мамлекеттин аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу аталган органдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин кызмат адамдары тарабынан алардын компетенциясына ылайык, жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде каралат».
Талкуу маалында депутаттар Гуля Кожокулова, Дастанбек Жумабеков сунушталып жаткан кайрылууларды кароо мөөнөттөрүн такташты.
