ИИМдин поликлиникасында хирургиялык бөлмө ачылды
10 октябрь

ИИМдин поликлиникасында хирургиялык бөлмө ачылды

Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык келген хирургиялык бөлмө ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ошондой эле операцияга чейинки, стерилдөө жана операциядан кийинки бөлмөлөрдөн турган хирургиялык бөлмөсү да ачылды.

"Бүгүнкү күндө кызматкерлерине тери кыйыштыруу жана кол тарамырын калыбына келтирүү боюнча эки операция ийгиликтүү жасалды", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.