Көкүлов Ысык-Көлдө “бир аз эле туура эмес сүйлөп алган” жарандарды РИИБге алып барып, түшүнүк кат жаздырып жатышканын билдирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
16 сентябрь

Көкүлов Ысык-Көлдө “бир аз эле туура эмес сүйлөп алган” жарандарды РИИБге алып барып, түшүнүк кат жаздырып жатышканын билдирди

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов Министрлер Кабинетинин, анын ичинде Бишкек мэриясынын ишмердүүлүгүнө сын айтты. 

Депутат белгилегендей, жакында депутат Болот Ибраимов Бишкектеги бузулуп жаткан жолдор тууралуу маселе көтөргөн. Бирок мэрия сынды туура кабыл алуунун ордуна, “депутат калп айтканын” билдирген видео тараткан. 

Көкүлов Жогорку Кеңеште улам бир “доордун өкүлдөрү” пайда болуп жатканын белгиледи. 

“Мен жаңы депутат болуп келгенимде Раим Матраимовдун жанындагылар көп эле, баары көөп калышкан. Кийин алар кетти, Ташиевдин жанында жүргөндөр келди, алар да абдан көптү. Бүгүнкү күндө өкмөт да мага ушундай көрүнүп жатат. Кесиптешибиз Болот Ибрагимов Бишкектеги бузулуп жаткан жолдор тууралуу маселе көтөрсө, эртеси мэриянын жооп иретиндеги видеосу чыкты. Анда Жогорку Кеңештин депутаты калп айтып жатат деп салышты. Көрсө, жолдор түптүз, сопсонун экен.

Урматтуу мэрия, колубуздан келишинче силерди колдоп жатабыз, бирок мынчалыкка барбагыла да. Бишкектин жолдору ээрип жатканы калппы? Туңгуюкка келип такалып жаткан арыктар калппы? Веложолдун ортосуна шылдыңдагансып столба коюп койгонуңар калппы? Булардын баары чындык”, - деди депутат. 

Ал мэриядагы бир бөлүмдүн адиси чыгып алып, ЖК депутатынын билдирүүсүн калпка чыгарганына катуу кейиди.  

Айтымында, өзү дагы Курулуш министрлиги боюнча мектептердин курулушун видеого тартып келген, бирок анда да эртеси күнү эле министрлик жооп кайтарып, жакшы салынбаган полдор “убактылуу пол” экенин билдирген. 

“Ушул жерде баарыбыз курулушка аралашып эле жүргөн адамдарбыз. Убактылуу пол деген болобу? Жаман дебейм, эч нерсе жасабай жатасыңар дебейм, бирок туура эмес нерселерди айтып туруу биздин милдетибиз. Эл бизди ошон үчүн шайлаган”, - деди ал. 

Андан сырткары депутат чиновниктердин элге кылган мамилесине айып такты.

Ал белгилегендей, Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Суу айылында таза суу маселеси чечиле элек. Аны ачык айтып чыккандар же чогулушта талап кылган жарандар дароо куугунтукка кабылууда. 

“Кичине эле туура эмес сүйлөп койгондорду дароо РИИБге алып барып түшүнүк кат жаздырышат экен. Биз кайда бара жатабыз? Мындай болбойт. Өкмөт, ишиңерди так алып баргыла”, - деди Көкүлов.