Транспорт министрлиги кадрларды даярдоо боюнча жогорку окуу жайлар менен кызматташууга даяр
4 сентябрь

Транспорт министрлиги кадрларды даярдоо боюнча жогорку окуу жайлар менен кызматташууга даяр

Бүгүн, 4-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаевдин катышуусунда жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, транспорт тармагын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин жана ага караштуу уюмдардын учурдагы жана жакынкы жылдардагы кадрдык муктаждыктары, ошондой эле адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар каралды.

Транспорт тармагында жол жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана заманбап технологияларды киргизүү менен байланыштуу инженердик-техникалык адистерге болгон суроо-талап өсүп жатканы белгиленди.

Айрыкча автомобиль жана темир жол транспорту, жол чарбасы, транспорттук инфраструктураны куруу жана эксплуатациялоо, ташууларды уюштуруу, кыймылды башкаруу, жол кыймылынын коопсуздугу, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо жана оңдоо, автоматика, байланыш жана маалыматтык технологиялар багыттарында квалификациялуу кадрларга муктаждык жогору экени айтылды.

Тараптар окуу программаларын транспорт тармагынын талаптарына ылайык өркүндөтүү, студенттердин өндүрүштүк практикасын жакшыртуу, тармактын адистерин окуу процессине тартуу жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөктөшүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, министрликке жана анын карамагындагы уюмдарга керектүү адистерди максаттуу даярдоо мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаев жогорку окуу жайлар менен кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, негизги максат – транспорт тармагын кесипкөй, билимдүү жана заманбап талаптарга жооп берген адистер менен камсыз кылуу.

«Бүгүнкү жолугушуу конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга жана мындан аркы кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоого өбөлгө түзөт деп ишенем», – деди Турганбаев.

Ал эми жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү министрликке кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелери жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.