Германияда кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкуулашты
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 16-июлда өлкөнүн Тышкы иштер федералдык министрлигинин Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы Тобиас Краузе менен жолугушту. Бул тууралуу Германиядагы элчиликтен кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Өзгөчө көңүл 2026-жылга пландаштырылган иш-чараларга бурулду.
Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Тараптар ошондой эле санкциялар саясаты жана эки өлкөнүн келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
