Бүгүн Сеулда «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммити өтөт
16-сентябрда Сеул шаарында тарыхта биринчи жолу «Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммити өтөт. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён катышат.
Жолугушууга Кыргызстандын атынан өлкө президенти Садыр Жапаров катышат. Ал учурда Түштүк Кореяда расмий сапар менен жүрөт.
Жалпы саммиттин алдында 16-сентябрда Ли Чжэ Мён Тажикстандын жана Кыргызстандын президенттери менен өзүнчө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Саммиттин негизги темасы инновациялар, экономикалык өнүгүү жана транспорттук-логистикалык байланыш тармактарында кызматташтыкты жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү болот. Жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнүн орто жана узак мөөнөттүү багыттарын аныктай турган Сеул декларациясын кабыл алуу пландалууда.
Түштүк Корея Борбордук Азиянын маанилүү минералдык ресурстарына жана энергетикалык потенциалына өзгөчө көңүл бурууну көздөйт. Сеул аймактын чийки зат мүмкүнчүлүктөрүн геологиялык чалгындоо жана кайра иштетүү технологиялары менен айкалыштырып, инфраструктура, өнөр жай, бажы жана интеллектуалдык менчикти коргоо тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар.
Мындан тышкары, жасалма интеллект, санариптештирүү, илим жана технология, климаттык саясат, суу ресурстарын башкаруу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү пландалууда.
Түштүк Корея менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн көп тараптуу форматтагы мамилелери 2007-жылдан бери өнүгүп келет. Ошол жылы «Корея Республикасы – Борбордук Азия» кызматташтык форуму түзүлгөн. 2017-жылы анын туруктуу катчылыгы иштей баштаган. Учурдагы саммит бул өз ара аракеттенүү механизмин биринчи жолу мамлекет башчыларынын деңгээлине чыгарат.
Жолугушуудан кийин лидерлер Борбордук Азия өлкөлөрү жана Түштүк Кореядан мамлекеттик органдардын жана компаниялардын 500гө жакын өкүлү катышкан бизнес-саммитке катышат.
