Ысык-Көл районунда курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кечиктирилгис тинтүүлөр жүргүзүлдү
10 июнь

Ысык-Көл районунда курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кечиктирилгис тинтүүлөр жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл РИИБ тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орто-Өрүктү айылынын бир нече тургуну, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, курал-жарактарды мыйзамсыз сактап, жапайы жаныбарларды атып жүргөндүгү боюнча маалыматтар аныкталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, 2025-жылдын инь айынын башында алардын жашаган даректери боюнча кечиктирилгис жана мыйзамдуу тинтүүлөр жүргүзүлгөн. Тинтүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкү мыйзамсыз буюмдар жана курал-жарактар табылган:

1. 1973-жылы туулган А.А. аттуу жаранга таандык үйдүн короосундагы кампадан:

  • 5 даана синтетикалык балык уулоочу тор;
  • муздаткычтан полиэтилен баштыкка салынган, кара куурайдын өзгөчө жыты бар зат.

Ошондой эле, ушул эле жаранга таандык кашардан, темир сейфтин жанындагы кара түстөгү кол сумкадан төмөнкү буюмдар табылган:

  • 12 даана сайсыз ок атуучу куралга тиешелүү 20-калибрдеги ок-дарылар (патрондор);
  • белгисиз маркадагы бир стволдуу сайлуу ок атуучу курал;
  • полиэтилен баштыкка салынган, кара куурайдын өзгөчө жыты бар зат;
  • 3 даана сайлуу ок атуучу куралга тиешелүү ок-дарылар;
  • ок чыгарууда колдонулуучу порох салынган пластик бөтөлкө;
  • 67 даана тоголок бытыра (майда металл буюмдар).

2. 1981-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандын үйү менен кампасынан:

  • уруксаты жок эки ооздуу сайсыз ок атуучу курал;
  • 8 даана сайсыз ок атуучу куралга тиешелүү ок-дарылар;
  • 27 даана гильза;
  • полиэтилен баштыкка салынган, кара куурайдын өзгөчө жыты бар зат.

3. 1970-жылы туулган Ж.Д. аттуу жарандан:

  • бир ооздуу, болжол менен сайсыз ок атуучу курал;
  • 9 даана сайлуу ок атуучу куралга тиешелүү болжолдуу ок-дарылар;
  • 21 даана сайсыз ок атуучу куралга тиешелүү болжолдуу ок-дарылар;
  • полиэтилен баштыкка салынган 20 даана 5×45 калибрдеги сайлуу ок-дарылар;
  • бир даана синтетикалык балык уулоочу тор.

4. 1993-жылы туулган Ю.Ж. аттуу жаран тинтүүгө чейин өз ыктыяры менен тапшырган:

  • уруксат кагазы бар 16-калибрдеги эки ооздуу сайсыз ок атуучу курал;
  • уруксат кагазы бар, карабин үлгүсүндөгү, оптикасы бар сайлуу ок атуучу курал;
  • оптикасы бар, уруксат кагазы жок ТОЗ (Гек) үлгүсүндөгү болжолдуу ок атуучу курал;
  • 3 даана патронташ (ок-дарылар салынуучу жабдык);
  • 7 даана 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралга тиешелүү ок-дарылар;
  • “Nikon” үлгүсүндөгү дүрбү;
  • дальномер дүрбү;
  • 4 даана ок атуучу куралдын уруксат кагазы;
  • бир даана темирден жасалган балык кармоочу деге.

Табылган курал-жарактар, ок-дарылар, синтетикалык торлор жана башка буюмдар далил зат катары алынып, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Алынган соттук-экспертизалардын жыйынтыктары менен иш материалдары Ысык-Көл райондук сотунун кароосуна өткөрүлдү.